ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Махатма Ганди көчөсү, 114 дарегинде жайгашкан ИСИТОго тиешелүү окуу корпусунда оңдоо иштери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Окуу корпусунун айланасы антисанитардык абалда кармалып, көчөнүн жол кыймылына тиешелүү бөлүгүнө курулуш таштандылары баш аламандыкта ташталган.

 

Панфилов көчөсүндө жайгашкан “Аквазон” жана “Флагман” унаа жуугучтарына тиешелүү жерлерге таштандылар баш аламандыкта жыйналат.
 
Горький көчөсүндө жайгашкан “Винни Пух” дүкөнүнүн айланасы антисанитардык абалда кармалып, таштандыларга ирээтсиз толтурулган.
 
Рейддин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-489-беренесине ылайык ИСИТОнун ректору Б.Кубаеванын, “Аквазан” унаа жуугучунун администратору Э.Бектеновдун, “Флагман” унаа жуугучунун ээси Д.Өмүрканованын, “Винни Пух” дүкөнүнүн ээси Н.Жүнүшованын атына протоколдор толтурулуп, Биринчи Май райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.