ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жаңы конуштардагы жол куруу иштери менен таанышып чыкты

Шаар башчысы Иса Өмүркулов шаардын жаңы конуштарында курулуп жаткан жолдордун абалы менен таанышып чыкты. Иш-чарага тиешелүү шаардык кызматтар, жол курулушун жүргүзүп жаткан ишканалардын өкүлдөрү катышты.

 

Жолугушууда шаар башчысы курулуш иштерин толук кандуу жүргүзүп жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырма берди.
 
Шаар башчысы Чортеков көчөсүнүн түштүк магистральдан Муромская көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жолдун узундугу 2,5 км., туурасы 18 метрди түзөт.
 
Ал эми Ак-Өргө конушундагы Өгүз-Ата көчөсүндө курулуп жаткан жолдун узундугу 800 метрди, туурасы 7,6 метрди түзөт.
 
Ошондой эле курулуш иштери Алыкулов көчөсү боюнча Өгүз-Атадан темир жолго чейинки бөлүктө жүргүзүлүүдө. Жолдун узундугу 1,4 км., туурасы 16 метрди түзөт. Андан тышкары шаар башчысы Келечек конушунун Борбордук көчөсүндөгү курулуш иштери менен таанышты. Жолдун узундугу 1 км. 200 метрди түзөт.