ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1-августта А.Токомбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгүндө жол кыймылы ачылат

А.Токомбаев көчөсүнүн Советская жана Сехе-Батор көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жолду реконструкциялоого байланыштуу жабык болчу. Жолдун аталган бөлүгүнө эки катмарлуу асфальт төшөлгөн. Жолдун жалпы узундугу 1.0 км., туурасы 12 метрди түзөт.

 

Ошондой эле А.Токомбаев көчөсүнүн Сухе-Батор көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыртышын даярдоо иштери жүргүзүлүп, 1-августтан баштап жаңы асфальт төшөлмөкчү.
 
Горький көчөсүнүн Алма-Ата көчөсүнөн Алтын-Ордо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.