ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Толук Ыйгарымдуу Элчиси Оруджиев Гидаят Худуш Оглы менен жолукту

Жолугушууда Гейдар Алиев атындагы сейил бакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо маселеси талкууланды. Азыркы учурда эки өлкөнүн архитекторлору сейил бактын долбоорунун үстүндө иштешүүдө.

 

“Сейил бак шаардыктардын эс алуучу жери болот. Ал жерден Гейдар Алиевдин өмүрү, басып өткөн жолу жөнүндө маалыматтарды алса болот. Ошону менен бирге сейил бак эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак менен достукту чыңдоого кызмат кыларына ишенем”,- деди шаар башчысы И.Өмүркулов.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында Азербайжан Республикасынын колдоосу менен курулчу мектеп жөнүндө маселе каралды. Шаар башчысы Иса Өмүркулов мектеп үчүн шаардын борборунан жер бөлүнүп, мектеп Гейдар Алиевдин ысымында болорун белгиледи.
 
Эске салсак, Гейдар Алиев 1993-2003- жылдары Азербайжан Республикасынын  Президенти болгон.