ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери “Бегемот” тез тамактануу жана “Бишкек курулуш” АКнун айланасында санитардык ченемдердин, шаардык көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныкташты

СЭИ кызматкерлери тарабынан Биринчи май району боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бегемот” тез тамактануу тармагынын айланасында санитардык ченемдердин, шаардык көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталды.

 

Мекеменин кызматкерлери суюк жана тиричилик таштандыларын сугат тармагына ташташары катталды.
 
Ошондой эле, Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бишкек курулуш” АКнун айланасында санитардык ченемдердин, шаардык көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу катталды.
 
Рейддин жыйынтыгы боюнча, “Бегемот” тез тамактануу тармагынын ээсинин жана “Бишкек курулуш” АКнун башкы директорунун атына протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссияга чара колдонуу үчүн жөнөтүлдү.