ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэринин отчетун угуудан кийин депутаттар аны талкуулашууда

2010-жылдын апрель айынан 2012-жылга чейинки жана үстүбүздөгү жылдын 5 айында Бишкек шаарынын мэриясынын аткарган иштери жөнүндө Бишкек шаарынын мэринин отчетун угуудан кийин, БШК депутаттары отчетту талкуулоого киришти.

 

Депутаттар саламаттык сактоо, шаарды көрктөндүрүү, жол куруу маселелери боюнча суроолорду беришти.
 
Талкуунун жүрүшүндө шаар башчысы, социалдык-маданий обьектилерди куруу үчүн чегерилген жер тилкелери бөлүштүрүлүп берилгендигин, жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыз аракеттер  боюнча мэрия тарабынан тиешелүү органдарга 30 кайрылуу беригендигин белгиледи.
 
“Быйылкы жылы баш калаада 43,4 км жол курулат жана жыл аягына чейин 4-шаардык оорукананын аймагындагы жолдор оңдоодон өткөрүлөт. Гагарин көчөсү боюнча Т.Фрунзе көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейинки жолго кийинки жуманын ичинде асфальт төшөө иштери башталат жана жол кыймылы жакынкы күндөрү ачылат”,- деп кошумчалады шаар башчысы.
 
Талкуунун жүрүшүндө ТЭЦ-1 Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү жана жылуулук казандарын реконструкциялоо, кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча суроолор көтөрүлдү.
 
“ТЭЦ-1 боюнча маселе каржылоого келип такалат. ТЭЦ-1 толук кандуу иштетүү жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 3,5-4 млрд сом талап кылынат. Азыркы учурда маселе ачык бойдон турат. Мындай абалда шаарга ТЭЦтин кереги жок. Шаарда 57 жылуулук берүү казандары бар. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын үнөмдөө максатында, алар акырындык менен жылыткычтардын альтернативдик түрлөрүнө өткөрүлөт. Бишкекте жакында эле “КЭЧ-1” жылуулук берүү обьекти ачылды. Финансы каражаттарын үнөмдөө максатында, “КЭЧ-2”, “Ботсад”, “Ротор” жылуулук берүү обьектилерин жылыткычтардын альтернативдик түрлөрүнө өткөрүү белгиленүүдө”,- деп белгиледи И.Өмүркулов.