ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Республика” фракциясынын лидери Бишкек шаарынын мэринен “Бишкек парк” соода борбору боюнча түшүндүрүүлөрдү өтүндү

Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартиби бекитилгенден кийин, БШК депутаты, “Республика” фракциясынын лидери М.Жээнчороев Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдон 26-июнда «24.kg» маалымат агентиги таркаткан “Бишкек парк” соода борборунун 25% акциясына мэрдин жубайы ээлик кылат деген маалымат боюнча түшүнүк беришин өтүндү.

 

“Бул жалган, чындыкка дал келбеген, менин жана менин үй-бүлөмдүн аброюна шек келтирген маалымат. Биз аталган жана башка компаниялардын акцияларына ээлик кылбайбыз. Мен бизнес менен алектенбейм. Чындыкты далилдөө үчүн сот органдарына кайрылабыз”,- деп жооп берди Иса Өмүркулов.
 
Күн тартиби бекитилгенден кийин, Бишкек шаарынын мэри 2012-2013-жылдары аткарылган иштер боюнча отчетун баштады.