ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Л. Толстой көчөсү боюнча жол куруу иштери башталды

Бишкекте Лев Толстой көчөсү боюнча Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин жол куруу иштери башталды. Жаңы жолдун жалпы узундугу 1, км., туурасы 16 метрди түзөт.

 

Жолдун түштүк тарабынан тротуар, ал эми түндүк тарабынан сугаруу арыктары салынат. Эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тышкы жарык берүү каражаттары орнотулат.
 
Жол 50 млн.юани кытай грантынын эсебинен курулмакчы. Бул каражатка аталган жолдон тышкары, Бөкөнбаев көчөсү боюнча Тынчтык проспектинен Некрасов көчөсүнө чейин жол курулат. Курулуучу эки жаңы жолдун жалпы узундугу 3 км. түзөт.
 
Жол куруу боюнча тендер Кытайда өткөрүлдү. Курулушту №5- кытай темир жол инженердик компаниясы жүргүзөт.
КЭР тарабынан атайын техникалык каражаттар, Кыргызстан тарабынан курулуш материалдары камсыздалат.
 
Лев Толстой көчөсү боюнча жолдун курулушу 1985-жылы белгиленип, айрым себептерге байланыштуу жол куруу иштери токтотулуп калган. Жаңы жол Горький көчөсүндө жана Чүй проспектинде жол кыймылын жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 
“Келечекте  Лев Толстой көчөсүн Ауэзов көчөсүнө чейин жеткирсек, жол өтмө жолго айланат”,- дейт шаар башчысы И.Өмүркулов.
Шаар башчысы жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин жыйынтыгын салыштыруу менен, 2007-жылдан 2009-жылга чейин 18 км. жол оңдолсо, ал эми 2010-жылдан 2013-жылга чейин 110 км. жол курулгандыгын жана реконструкциялангандыгын белгиледи.