ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирген тышкы жарнактардын 44 бирдиги алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын жарнама департаменти “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Свердлов райадминистрациясы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирген тышкы жарнактардын 44 бирдиги алынып салынды.

 

Жарнактарды алуу Байтик Баатыр, Сухе Батор, Шабдан Баатыр, Ибраимов көчөлөрүндө жана Чүй проспектинде жүргүзүлдү.
 
Рейддин жүрүшүндө 5 штендер, 22 керме, 12 панно, 1 көрсөткүч ж. б. каражаттар алынып салынды.
 
Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын 04. 08. 2008-жылдагы №342 “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомунун жана 16. 03. 2009-жылдагы №118-р  буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө.