ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын жаңы конуштарында мыйзамсыз курууларды аныктоо боюнча ЖТЖК департаменти иш-чараларды жүргүзүүдө

“Кудайберген- 9,3 га” конушунун түндүк- чыгыш тарабынан 18 жеке тарак- жай мыйзамсыз жол менен курулгандыгы аныкталды.

Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан аталган жер тилкелериндеги мыйзамсыз куруулар боюнча тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна доо арызы берилди.
 
Жогорудагы жер тилкелери Дуйшеев А. жана Айдарканов А. аттуу жарандар тарабынан сатылган жана фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.
 
А.Дуйшеевдин дарыланып жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишин кароо бир жарым жылдан бери токтоп турат. 
 
3 мыйзамсыз курулушту бузуу жөнүндө соттун чечими чыгып, калган обьектилер боюнча материалдар соттун кароосунда.
 
2012-жылы ушундай эле кырдаал Щербаков-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде түзүлгөн, ал жерде да турак үйлөр мыйзамсыз курулуп, пайдубалдар куюлган.
 
2012-жылдын сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык 14 турак-жай курулушу бузулган. Алардын ичинен 10 турак-жай пайдубалы жана 1 убактылуу жашоочу үй.
 
Мыйзамсыз курууларды бузуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, укук коргоо органдарына жарандардан жалган документтерди  жасоо боюнча айрым адамдар тарабынан амалдар иштелип жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшө баштаган.
Мисалы, “Щербаков-Манас” көчөлөрүнүн аймагынан жер тилкесин алып берем деп 3 000 АКШ долларын алдоо жолу менен алган Гүлсайра Бекжанова №1-тергөө абагына                      камалган.
 
Азыркы учурда “Щербаков-Манас” көчөлөрүнүн аймагындагы мыйзамсыз жер тилкелери боюнча токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө ЖТЖК департаменти сот органдарына кайрылды.