ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада көчө бийлеринин биринчи фестивалы өткөрүлдү

Баш калаада Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Street dance» аталышындагы көчө бийлеринин биринчи фестивалы өткөрүлдү.

Фестиваль шаардын бий студияларынын активистеринин демилгеси боюнча уюштурулду.
 
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн шаар башчысы Иса Өмүркулов ачты.
 
“Бий өнөрүнө кызыккан жаштар менен жолугушуу биз үчүн абдан кубанычтуу. Мындай иш-чаралар жаштар арасындагы көчө маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Жакында эле шаарыбызда Street fest-3 жана граффити сүрөт өнөрү боюнча фестивалдар болуп өттү. Жаштардын пайдалуу иш менен алектенүүсү жакшы жөрөлгө. Азыркы бий фестивалын өткөрүү үчүн да оңтойлуу жерди тандап беришибиз керек экен”,-деди шаар башчысы.
 
Иш-чаранын демилгечилери жана уюштуруучулары - «Let’s Dancestudio», «45 Rec», «45 DJ» чыгармачыл топтору.