ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түрк Республикасынын жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая менен жолугушту

Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков жана Түрк Республикасынын жогорку билим берүү боюнча комитетинин мүчөлөсү Дурмуш Гунай, Манас кыргыз-түрк университетинин өкүлү Мехмет Шишман жана башкалар катышты.

 

Жолугушууда тараптар билим берүү маселелерин талкуулашты. Шаар башчысы, азыркы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, медицина тармагы, социалдык обьектилерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кызуу жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.
 
Мындан тышкары Иса Өмүркулов, Манас кыргыз-түрк университетинин окуу базасы өсүү жолунда экендигин жана студенттер сапаттуу жогорку билим алышарын белгиледи.
 
Манас кыргыз-түрк университетин быйылкы жылы 583 студент аяктайт. 1997-жылдан бери университет 4 миңден ашык адистерди даярдап чыгарган.
 
Өз кезегинде Гокхан Четинсая жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана мындан ары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кызматташуунун чыңдалышына ишеним билдирди. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкек шаарында Түркиянын “Мехтер” аскер-оркестри концерт берерин маалымдады.