ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Октябрь районунда “Компьютердик генийлер” рейди жүргүзүлөт

Жашы жетелек өспүрүмдөр арасында тартип бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Октябрь райондук администрациясы 21-июнда “Компьютердик генийлер” рейдин өткөрөт.

 

Рейд кечки саат 20-00дон баштап жүргүзүлөт. Рейдди 8, 9, 10-кичи райондордо, Ахунбаев жана Ботаникалык массивдерде, ошондой эле өспүрүмдөр келүүчү компьютердик клубдарда жүргүзүү белгиленүүдө.
 
Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын, жашы жетелек өспүрүмдөр иштери боюнча комиссиянын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Билим берүү борборунун, Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын, №8-ЖӨБ, “Светлый путь” кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүү борборунун өкүлдөрү катышат.