ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов “Башкара-Суу” суу берүү обьектисинин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты

“Башкара-Суу” суу берүү обьектисинин курулушу, Бүткүл дүйнөлүк банктын Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткандыгын шаар башчысы маалымдады. “Курулуш иштерин аткарууга жалпысынан 320,0 млн. сом жумшалат, анын 10% жергиликтүү бюджеттен каралган, 10% Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги бөлүштүрүүдө, ал эми калган 80% Бүткүл дүйнөлүк банк бөлүштүрдү”,- деп кошумчалады шаар башчысы.

 
Долбоорду аяктоо 2014-жылга белгиленген, ал “Ак-Ордо”, “Арча-Бешик”, “Ынтымак”, “Ак-Өргө”, ТЭЦ-2 аймагындагы конуштардын, “Жогорку Орок” жана Сокулук районунун айрым айылдарынын 100 миңден ашуун тургундарын суу менен камсыз кылат.
 
Азыркы учурда “Башкара-Суу” суу берүү обьектисинин аймагында 8 жаңы скважина бар жана мурда иштеген 4 скважинаны калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. “Башкара-Суу” суу берүү обьектисинин жалпы кубаттуулугу саатына 1500 кубметрди түзөт. Мындан тышкары, 2 миң кубметр көлөмүндөгү 2 резервуар курулат.
 
“Башкара-Суу” суу берүү обьектисинен Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү конуштарга чейинки тартылган суу берүүчү түтүктөрдүн узундугу 12 миң 800 метрди, диаметри 450 миллиметрди түзөт.