ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери А.Токомбаев көчөсү, үй №1 дарегинде жайгашкан ЖЧК “ЮС” унаа коюу кооперативинде санитардык талаптардын бузулушун аныкташты

Шаардын санитардык абалын текшерүү боюнча рейддин жүрүршүндө СЭИ кызматкерлери тарабынанА.Токомбаев көчөсү, үй №1 дарегинде жайгашкан ЖЧК “ЮС” унаа коюу кооперативинде санитардык талаптардын жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталды.

 
Аталган ишкананын аймагында санитардык эрежелерди бузуулар, кургак таштандыларды баш аламандыкта таштоо катталган жана 2013-жылга “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн эмес.
 
Рейддин жыйынтыгы менен ЖЧК “ЮС” ишканасынын директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.