ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери кезектеги рейддин жүрүшүндө “Мирный дом” турак-жай ээлеринин шериктештигинин аймагында санитардык талаптардын бузулушун аныкташты

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекция кызматкерлери тарабынан Свердлов району боюнча уюштурулган рейддин жүрүшүндө, “Мирный дом” турак-жай ээлеринин шериктештигинин аймагында санитардык талаптардын жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталды.
 
Шаардын Герцен көчөсү, үй №9 дарегинде жайгашкан турак-жай ээлеринин шериктештигинин чыгыш тарабына курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйылат. Сугаруу арыктары курулуш жана тиричилик таштандылары менен толтурулган. Мындан тышкары, ар кандай таштандыларды өрттөө жүргүзүлөт.
 
Рейддин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык “Мирный дом” ТЭШ төрагасынын атына протокол толтурулуп, тиешелүү чараларды колдонуу үчүн Свердлов райондук административдик комиссиясына жиберилди.