ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кереметтер орундалат” – ушундай аталышта баш калаада стрит арт жана граффити боюнча 5 - Эл аралык фестиваль болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда жаштардын «BASICOLORS» арт-демилгечилер тобу Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчиликтеринин колдоосу менен стрит арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн V Эларалык фестивалын өткөрдү. Фестивалга Германия, Франция, Кыргызстан жана Казахстан өлкөлөрүнөн 18 сүрөтчү өз чыгармалары менен катышты.

 

 “Мени сиздердин чыгармачылыгыңыздар адам катары эле эмес, шаардын мэри катары да кызыктырат. Граффити биздин шаар үчүн - жаңы багыт. Шаарыбыздын мэриясы искусствонун бул түрүн колдойт. 2012-жылы граффити үчүн бир нече троллейбус берилген”,- деди өз сөзүндө шаар башчысы.
 
Ошону менен бирге, фестивалга катышып жаткан чыгармалар жалпыга түшүнүктүү, ошондуктан ал эл аралык фестиваль экендигин белгиледи, шаар башчысы.
 
“Азыр биз иштеп жаткан дубал Борбордук Азиядагы биринчи расмий галерея болуп саналат. Бул фестивалга катышуучулар тандап алуудан өтүштү”,- дейт уюштуруучулардын бири Виктор Цой.