ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Бөкөнбаев көчөсү боюнча Манас проспектинен Турусбеков көчөсүнө чейинки аралыктагы жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери 1-июлга чейин бүткөрүлөт

Азыркы учурда Бөкөнбаев көчөсү боюнча Манас проспектинен Турусбеков көчөсүнө чейинки аралыктагы курулуп жаткан обьектилердин жылуулук түйүндөрүн оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоо, калыбына келтирүү иштерин “Кайнар” Жабык акционердик коому аткарууда.
 
Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан жерде жол кыймылы Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 12-июндан баштап жабылган.
 
Инженердик түйүндөрдү оңдоо, калыбына келтирүү иштери үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин аяктайт.
 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы кытай грантынын алкагында Бөкөнбаев көчөсү боюнча жолду реконструкциялоо иштери башталат.