ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекжилремонт” муниципалдык ишканасын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына “Бишкекжилремонт” муниципалдык ишканасын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу жана Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (мурдагы ЖЭУ, ДЭУ) калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча кат жүзүндө кайрылган.
 
“Бишкекжилремонт” муниципалдык ишканасы Мамлекеттик мүлк фондунун 1997-жылдын 30-майындагы №77-токтому менен менчиктештирилип, “Бишкекжилремонт” Акционердик коому болуп түзүлгөн.
 
Менчиктештирүү жүргүзүлгөн учурда, “Бишкежилремонт” муниципалдык ишканасынын курамына: №№ 1,2,3,4,6,7,9,10,11,12,14,15,16,18,21 ЖЭУлары, адистештирилген авариялык ыкзмат, курулуш-оңдоо участогу, электромонтаж иштери боюнча участок жана механизация участогу кирген. Көп кабаттуу үйлөрдү, инженердик инфраструктура обьектилерин оңдоп, пайдаланууга берүүчү мындай ири ишкананы менчиктештирүү мезгилсиз жана КР мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн.
 
Аталган муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүнүн натыйжасында, Бишкек шаарыны жергиликтүү башкаруусу 1997-жылкы баалар менен мүлктөрдөн (кыймылсыз жана кыймылдуу), ошондой эле имараттарга тиешелүү 10 га жерден ажырап калган. Жоюуга сантехникалык жана электротехникалык жабдууларды оңдоо, монтаждоочу адистештирилген ишканалар, курулуш механизация базасына тиешелүү  автоунаалардын 150 бирдиги жана башка материалдар дуушар болгон.
 
Баардык ЖЭУлар ЖЧК катары кайрадан түзүлүп, учурда калкка ар кандай кызматтарды көрсөтүшүүдө жана жашаган жери боюнча жарандарга тактама беришип, аларды каттоо карточкаларын мыйзамсыз сактап келишет.
 

Соттун чечиминин негизинде, жарандардын жашаган жерлерин жана жашаган жерлерин өзгөртүүнү каттоо коммерциялык мекемелердин эмес, ички иштер кызматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери экендиги  2009-жылы аныкталган.