ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КР ЖК депутаты Нариман Түлеевдин кайрылуусуна Бишкек шаарынын мэриясынын расмий жообу

КР ЖК депутаты Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов маалымат булактарына, Ахунбаев-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкесинин берилиши жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратууда деп билдирген.
 
Депутаттын айткандары чындыкка туура келбестигин Бишкек шаарынын мэриясы расмий түрдө билдирет.
 
Ахунбаев-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси кафе-бардын курулушу үчүн Бишкек шаарыны мэриясынын 2009-жылдын 7-июлдагы №352-токтому менен берилген. Жер тилкеси берилген мезгилде Бишкек шаарыны мэри болуп Нариман Түлеевдин иштеп тургандыгын белгилеп кетиш зарыл.
 
Аталган жер тилкесине курулган “Буддо-бар” рестораны, Октябрь райондук сотунун 2002-жылдын 1-февралындагы №2-327-чечиминин негизинде, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамлекеттик реестринде 2007-жылдын 3-апрелинде №07/40673 каттамы менен катталган.
 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нариман Түлеевдин билдирүүсү менен кескин түрдө келишпестигин билдирет жана аталган маселе боюнча далилдерди тиешелүү документтер менен тастыктайт.