ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“185” ыкчам чараларды көрүү кызматы маалымдайт

Үстүбүздөгү жылдын 31-майынан 7-июнуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын “185” ыкчам чараларды көрүү кызматына 275 кайрылуулар жана арыздар келип түштү. Анын 133 катталды, 119 аткарылды.

 

Шаар тургундары негизинен электрэнергиясы менен камсыз кылуу көйгөйлөрү боюнча кайрылышкан, кайрылуулардын саны – 109, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча – 3, муздак суу менен камсыз кылуу боюнча – 4, санитардык тазалоо жана шаарды көрктөндүрүү боюнча – 4 кайрылуу келип түштү деп билдиришти “185” ыкчам чараларды көрүү кызматынан.