ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн баш калаада “КЭЧ-1” жаңы жылытуу объектиси ачылды

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
 
Өз сөзүндө шаар башчысы, шаарда баардыгы 75 жылытуу объектилери бар, анын ичинен 24ү таш көмүр, 24ү газ, калгандары мазут менен иштери жөнүндө маалымат берди.
 
Андан тышкары, И. Өмүркулов, үстүбүздөгү жылы дагы газ менен иштөөчү 4 объект таш көмүргө өткөрүлөрүн кошумчалады. “Азыркы мезгилде үч обьект газ менен, бирөөсү мазут менен иштешет. Жылуулукка калктын 1/4 бөлүгү төлөйт, калган 3/4 бөлүгү мэрия тарабынан каржыланат. Жыл сайын шаардык бюджеттен 450 млн. сом бөлүнөт. Жаңы ачылган объектинин курулушуна 6,9 млн.сом жумшалып, жабдуулары Ижевск казан куруу заводунан алынып келинди”,- деди шаар башчысы.
 
Жаңыдан ишке киргизилген объект “Аскер шаарчасын” ысык суу менен камсыз кылат. Жүргүзүлгөн анализдер жана техникалык-экономикалык эсептөөлөр таш көмүр менен иштөө “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын финансылык ишмердигине жеңилдик берет, республикага жаратылыш газынын коюлушуна карабастан, жылуулукту үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.