ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баша калаада реконструкциялоодон кийин сквер ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда, саат 11-00до Жаш Гвардия жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги реконструкцияланган сквердин ачылыш аземи өткөрүлөт.
 
Сквер Ленин райондук администрациясынын демилгеси менен, жалпы суммасы 92,0 миң сомго демөөрчүлөрдүү тартуу жолу менен реконструкцияланды.
 
Иш-чаранын алкагында, кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын урматына, акындын эстелиги ачылат.
 
Иш-чарага Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, шаар мэриясынын жетекчилиги, Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышмакчы.