ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кеңештин депутаттары сессиянын күн тартибин бекитишти

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары кезектеги V сессиянын 11 маселеден турган күн тартибин бекитишти.
 
Сессиянын башталышында “Бишкек шаардык Кеңешинин “2012-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2012-2014-жылдарга божомолдоолор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү маселеси каралууда.
 
Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Исмаилов баяндама жасады. Өз маалыматында ал, 2012-жылдын бюджетине күтүлбөгөн шарттарга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизип тургандыгын белгиледи.
 
Ушул эле маселе боюнча “Республика” партиясынан шаардык Кеңештин депутаты, Бишкек шаардык Кеңешинин боюджеттик комиссиясынын төрагасы Эрнис Докенов доклад жасады.
 

Азыркы учурда маселе талкууланууда.