ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын жүрүшүндө баш аламандыкта жыйылган таштандылардын 58 үймөгү тазаланды

Бишкек шаарынын аймагында шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын жүрүшүндө, май айында 13 жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлүп, баш аламандыкта жыйылган таштандылардын 58 үймөгү тазаланды жана таштандыларды таштоо полигонуна 17 миң куб өлчөмүндөгү таштанды чыгарылды.

 

Шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыкка 50 000ге жакын адам, техникалык каражаттардын 193 бирдиги катышты.
 
Жума сайын “Тазалык”, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканаларынын жана райондук администрациялардын техникалык каражаттарынын 79 бирдиги үзгүлтүксүз иштешти.
 
Андан тышкары, экологиялык акциянын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде өткөрүлгөн “Колубуздан келет” ишембилигине баардык калоочулар өз ыктыярлары менен катышты. Акцияга жалпысынан 18 000 адам, 242 мамлекеттик жана муниципалдык ишкана-мекемелер, окуу жайлардын жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.
 
Эки айлыктын алкагында уюштурулган ишембиликтерге, башка иш-чараларга Ботаникалык бактын, Фрунзе мехтокой чарбасынын, Кыргызпатенттин, МАУПФиБ жамааттары катышкан жок.
 
Баш калааны көрктөндүрүү боюнча эки айлык Бишкек шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 25-мартындагы “Бишкек шаарынын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык өткөрүлдү.