ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын “Жаш Канат” ансамбли XV «Бозторгай» Эл аралык конкурсунда “Гран-Приге” ээ болду

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6-балдар искусство мектебинин “Жаш Канат” хореографиялык ансамбли Эл аралык “Бозторгай” конкурсунда хореография аталышында “Гран-Приге” ээ болду. “Жаш Канат” ансамбли конкурска катышкан Россия (1-орун), Өзбекстан (2-орун), Казакстан (3-орун) командаларын артта калтырды. “Жаш Канаттын” конкурска катышуусун “Дордой” Ассоциациясы (вице-президенти Гүлмира мамбеталиева), “Раритет” китеп дүкөнү жана окуучулардын ата-энелери каржылашты. Конкурс 29-31-майда Алматы шаарында вокал, элдик чыгармалар, хореография жана азем боюнча балдар театры аталышында өттү.

 

Жаш таланттардын өнөрүнө Бүбүгүл Төлөгөнова, Роза Рымбаева, Булат Аюханов өңдүү белгилүү аткаруучулар, балетмейстерлер баа беришти. Конкурска 900дөн ашуун балдар катышты.
 
Конкурс жаш таланттарды ачуу, алардын чыгармачылыгын колдоо жана элдердин маданиятынын биргеликте өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында өткөрүлөт.
 
“Жаш Канат” ансамблинин жетекчиси Канат Фаткулиндин айтымында, 2012-2013-окуу жылында ансамбль Эл аралык төрт конкурсту жеңип алды:
 
-          КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жамааттарынын V Эл аралык конкурсу (Ысык-Көл),
-          Хореография жана спорттук пластика IV Эл аралык конкурсу (Ташкент),
-          Йозгут шаарындагы (Түркия) Эл аралык конкурс,
-          «Ақ көгершін» VII балдар чыгармачылыгынын Эл аралык конкурсу (Астана шаары, Казахстан, Гран-при март 2013).
 
“Жаш Канат” ансамбли алдыдагы жайда көптөгөн Эл аралык конкурстарга катышат.