ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

31-майда Ю.Фучик атындагы паркта балдар үчүн иш-чаралар өткөрүлөт

31-майда Ю.Фучик атындагы паркта, Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата балдар үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чаралардын уюштуруучусу Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы.
 
Райондун балдар чыгармачылык жамааттарынын, бий ансамблдеринин катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулат. Райондук балдар чыгармачылык борбору балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсүн уюштурат. Программага ар кыл тематикадагы кароо-сынактар, спорттук мелдештер киргизилген жана белектер, бал муздактар берилет.
 
Майрамдык иш-чарага Ленин районунан 646 бала катышат. Анын ичинен, 501 бала Ленин райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, 145 бала “Үмүт-Надежда” балдарды калыптандыруу борборунда, “Рука в руке” кайрымдуулук фондунда каттоодо турушат.
 
Балдарга берилүүчү белектер өзүнө – балдар үчүн жомокторду, энциклопедияны, адабий китептерди камтыйт. Белектер балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен берилет: 3 жаштан 5 жашка, 6 жаштан 9 жашка, 10 жаштан 14 жашка чейин.
 
Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 171 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.
 
Жер-жерлерде майрамдык иш-чараларды өткөрүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана билим берүү мекемелерине тапшырылган.
 
Ал эми “Арча-Бешик” конушунун Набережная-Кривоносов көчөсүндө, саат 11-00до балдар аянтчасынын ачылыш аземи болот.
 

31-майда иш-чаралар саат 10-00до башталат.