ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

30-майда Бишкекте кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт

30-майда саат 10-00до Токтогул көчөсү, үй №237 дарегинде “50+ Кызматтык бош орундардын жарманкеси” өткөрүлөт.
 
Жарманкени Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштурууда.
 
Жарманкеге 26 мекеме, ишканалар катышат. Алсак, “Таш-Темир” ААК, “Учкун” ААК, “Аббат” мекемеси, №15-ҮДБ, “Шоро” ЖАК, “Кока-Кола ботлерс” ЖАК, “Берекет” ЖАК, “Бишкекпочтамт” АК жана башкалар.
 
Жарманкеге келгендер сунушталчы кызматтар жана иштөө шарттары, эмгек акысы жөнүндө толук маалымат ала алышат.
 
Жумуш издегендерге ишкана, мекемелердеги 3 500дөн ашуун кызматтык бош орундар сунушталат жана алардын ичинде 50 жаштан жогркуларга да тиешелүү кызмат орундары бар.
 
КР Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын адистери керектүү кеңештерди беришет.
 

Андан тышкары, иш-чаранын алкагында чакан кредиттик агенттик чакан кредит алуу боюнча семинар-тренинг өткөрөт.