ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууларды аныкташты

Ленин району боюнча санитардык абалды текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, СЭИ кызматкерлери Ак-Өргө конушундагы “Тоо Инвест” ЖЧК тарабынан санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын бузууларды аныкташты.

 

Аталган мекеменин айланасында өндүрүш таштандылары өрттөлөт жана кургак таштандыларды чыгаруу боюнча 2013-жылга келишим түзүлгөн эмес.
 
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Тоо Инвест” ЖЧКнын директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.