ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ци Даюй менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы элчи мырзаны жаңы кызмат орду менен куттуктап, КЭРнын Элчилигине жана Өкмөтүнө көп кырдуу долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
 
И.Өмүркулов, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кызматташтыктын көп тармактары бардыгын белгиледи. Ошону менен бирге, Пекин, Үрүмчү, Боле жана Гуанчжоу шаарлары Бишкектин өнөктөштөрү экендигин маалымдады. Жакынкы мезгилде Бишкек жана Шеньчжень шаарларынын ортосунда “Кызматташтык жөнүндө мемерандумга” кол коюларын, мындай аракеттер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөөрүн кошумчалады.  Андан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы кытай тарап менен биргеликте мектеп курууну жана муниципалдык жолдорду реконструкциялоону белгилегенин билдирди.
 
Өз сөзүндө элчи мырза, “Бишкекке биринчи жолу 1993-жылы келгендигин, Бишкек шаары менен өнөктөш, кызматташ шаарлардын санын көбөйтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга баардык аракеттерди жасайбыз”,- деди.