ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында Ата-Түрк паркында иш-чаралар өткөрүлөт

29-май күнү саат 10-00до Ата-Түрк паркында Октябрь райондук администрациясы майрамдык иш-чараларды өткөрөт.
 
Майрамдык чоң программадагы концерт балдардын  “Шайыр балалык” чыгармачылык борбору тарабынан даярдалды. Андан тышкары, спорт оюндары, эстафеталар, асфальтка сүрөт тартуу кароо-сынагы уюштурулат. Иш-чаранын активдүү катышуучулары жана сынактардын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар, таттуу белектер менен сыйланышат.
 
Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Октябрь районунун бюджетинен 250 миң сом каражат бөлүнгөн.
 
Мындан тышкары, майрамдын алкагында Октябрь райондук администрациясы балдардын кургак учукка каршы ооруканасына,”Светлый путь” балдардын баш калкалоо мекемесине, Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө 2 000 сомдон материалдык жардам көрсөтөт.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы каттоого алган колдоого муктаж, көп балалуу үй-бүлөдөгү, жетим балдарга төмөндөгү материалдык жардамдар берилет:
-   тоголок жетим 31 балага 500 сомдон;
-   көп балалуу 21 үй-бүлөгө 500 сомдон;

-   жетим, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдарына, майып балдарга, афган согушунун катышуучуларынын балдарына 200 сомдон.