ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата баш калаада иш-чаралар өткөрүлөт

30-майда саат 10-00до, Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында “Сейтек” балдардын чыгармачылык борбоунда ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелеген балдар үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
 
Бишкек шаарынын мэриясы майрамдык программа даярдоодо. Иш-чарага атайын билим берүү мекемелеринен 650 бала катышып, алар үчүн чоң программадагы концерт берилет.
 
Иш-чаранын соңунда, балдар окуу куралдарын жана таттуу белектерди алышат. Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 250 миң сом каражат бөлүндү. Балдарды “Сейтек” борборуна жана кайра үйлөрүнө жеткирүү милдетин шаардык муниципалитет камсыздайт.
 
Ошондой эле, 1-июнь күнү Панфилов, Ата-Түрк, Фучик, Асанбай кичи районундагы паркта жана Каражыгач багында Бишкек шаарынын райондук администрациялары балдардын чыгармачылык борборлору менен биргеликте майрамдык иш-чараларды өткөрөт.
 
 Балдар чыгармачылыгынын Биринчи Май райондук  борбору Панфилов паркында саат     10-00дон 15-00го чейин майрамдык концерт, балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсүн, асфальтка сүрөт тартуу кароо-сынактарын ж.б. иш-чараларды өткөрөт.
 
 Ата-Түрк паркында саат 10-00дон 14-00го чейин “Кыргызстан балдары” балдар чыгармачылыгынын шаардык борбору майрамдык концерт, оюн аттракциондорун, асфальтка сүрөт тартуу, көркөм окуу кароосун жана башка оюн-зоокторду өткөрөт.
 
 Каражыгач багында саат 10-00дон 13-00го чейин Балдар чыгармачылыгынын Свердлов райондук борбору майрамдык концерт, балдар буюмдарынын жарманкесин, сүрөт тартуу кароо-сынагын, шахмат оюну боюнча мелдештерди өткөрөт.
 
 Асанбай кичи районундагы паркта Октябрь райондук балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

 Иш-чараларга активдүү катышкан жана кароо-сынактардын, мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат.