Баш калаада “Бишкек жазы – 2013” фестивалынын жыйынтыктоочу Гала-концерти болуп өттү
- Подробности
- Опубликовано 27.05.2013 15:36
Бүгүн, 27-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында “Бишкек жазы – 2013” фестивалынын жыйынтыктоочу Гала-концерти болуп өттү. Иш-чарада фестивалдын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты.
“Биздин шаарыбыз дайыма өз таланттары менен даңкталып келген. Бүгүнкү фестиваль мунун күбөсү боло алат. Фестиваль жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өттү. Фестивалдын катышуучуларына жана уюштуруучуларына чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Мындай жакшы саамалыктар мындан ары да улантыла бермекчи”,- деди шаар башчысы.
Фестивалдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жамааттар лауреат болуп калышты:
ГРАН-ПРИ
|
· К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети
· Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
|
1- ОРУН
|
· М.Рыскулбеков атындагы Кыргызс экономикалык университети
|
2- ОРУН
|
· М.Кашгари атындагы Чыгышуниверситети
· И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык
Академиясы
|
3-ОРУН
|
· И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети
· Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
|
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |