ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1-июнда саат 10-00до баш калаанын эски аянтында Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнүнө арналган спорттук иш-чаралар өткөрүлөт

1-июнда баш калаанын эски аянтында Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнүнө карата Бишкек шаарынын дене-тарбия жана спорт комитети  спорттун төмөндөгү түрлөрү боюнча  мелдештерди өткөрөт:
 
Спорттук акробатика, көркөм гимнастика, оор атлетика, таэквондо, будо-каратэ, ушу, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдо, самбо - спорттун бул түрлөрү боюнча спортчулар өз чеберчилигин көрсөтүшөт.
 
Ал эми: Ордо, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, амреслинг, “Көңүлдүү старттар” кыймылдуу оюндары, аркан тартыш, стритбол – оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт.
 
Спорттук иш-чаралар эски аянтта саат 10-00до башталат.
 

Иш-чаранын активдүү катышуучулары жана жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.