ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын мектептеринде окуу жылынын аякташына арналган “Акыркы коңгуроо” аземи уюшкандыкта жана тартип бузуулары жок өттү

 

25-майда баш калаанын баардык мектептеринде окуу жылынын аякташына арналган “Акыркы коңгуроо” аземи өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар күндүн биринчи жарымында мектептердин ичинде өткөрүлдү.
Бишкек шаардык ИИББнын маалыматы боюнча, 25-май, ишемби күнү эч кандай тартип бузуулар катталган жок.
Быйылкы окуу жылында Бишкек шаарынын жалпы орто билим берүү мекемелерин 4 573 бүтүрүүчү аяктоодо.