ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн белгилейт

Бишкек шаарынын мэриясы, 2013-жылдын 1-июнунда саат 10-00да Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында, социалдык колдоого муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын, окуунун отличниктеринин жана кароо-сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүүнү белгилөөдө. Балдардын бул майрамына 1 200 адам катышмакчы.

 

Аталаган майрамды уюштуруп, өткөрүүгө шаар мэриясы 1 млн. 60 миң сом өлчөмдөгү каражат бөлүштүрдү. Майрамдык чоң программадагы концерт Балдар театрынын директору Э.Чалабаевдин жетекчилиги астында даярдалууда. Концертке: Балдардын чыгармачылык борборлору, “Ак шоола” хор ансамбли жана балдардын “Таберик” музыкалык театры катышат. Филармониянын фоэсинде балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсү уюштурулат.
 
Ичаранын соңунда, 1200 балага балдар жана кыздар үчүн энциклопедия, таттуу белектер, бал муздак  тапшырылат.
 
Мындан тышкары, 1-июнь күнү шаардын райондук администрациялары майрамдык иш-чараларды уюштурушат. Иш-чаралар – Ата-Түрк, Панфилов, Фучик, Каражыгач, Асанбай кичи районундагы парктарда өткөрүлөт.
 
Балдар чыгармачылыгынын Биринчи Май райондук  борбору Панфилов паркында саат     10-00дон 15-00го чейин майрамдык концерт, балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсүн, асфальтка сүрөт тартуу кароо-сынактарын ж.б. иш-чараларды өткөрөт.
 
Ата-Түрк паркында саат 10-00дон 14-00го чейин “Кыргызстан балдары” балдар чыгармачылыгынын шаардык борбору майрамдык концерт, оюн аттракциондорун, асфальтка сүрөт тартуу, көркөм окуу кароосун жана башка оюн-зоокторду өткөрөт.
 
Каражыгач багында саат 10-00дон 13-00го чейин Балдар чыгармачылыгынын Свердлов райондук борбору майрамдык концерт, балдар буюмдарынын жарманкесин, сүрөт тартуу кароо-сынагын, шахмат оюну боюнча мелдештерди өткөрөт.
 
Асанбай кичи районундагы паркта Октябрь райондук балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
 
Иш-чараларга активдүү катышкан жана кароо, мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйданат.