ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн шаардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 25-майда шаардын 94 мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Акыркы коңгуроо” аземи өткөрүлдү. Быйылкы окуу жылында Бишкек шаарынын жалпы орто билим берүү мекемелерин 4 573 бүтүрүүчү аякташууда.

 
№20-окуу-тарбия комплексинде “Акыркы коңгуроого” арналган салтанаттуу линейка өткөрүлүп, салтанатка шаар башчысы Иса Өмүркулов катышты.
 
Шаар башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, “Бүгүнкү күн бүтүрүүчүлөрдүн турмушундагы эң маанилүү күн”,- экендигин белгиледи. “Ушул күнү, мен өзүмдүн биринчи мугалимим Анастасия Филипповнаны эстейм. Мектептен алган билимим турмушумда чоң жардам берди. Силер мектепте окуган жылдары мугалимдер өз эмгектерин силер үчүн жумшашты. Эми силердин негизги максатыңар, мекенибиздин татыктуу инсандарынан болушуңар. Окуучулук күндөр эң жакшы мезгилдердин бири. Мындан ары турмуш жолунда өз жолуңарды таап, сапаттуу билим алып, татыктуу кесипке ээ болушуңар керек. Силер – биздин өлкөнүн келечегисиңер”,- деди Иса Өмүркулов.
 
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду. Иш-чаранын соңунда, салт боюнча гимназиянын бүтүрүүчүсү билим символун 10-класстын окуучусуна өткөрүп берди.