ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча пенсионерлер менен кезектеги жолугушууну өткөрдү

Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова, шаардык коммуналдык кызматтардын өеүлдөрү жана пенсионерлер катышты.

 

Жолугушуунун күн тартибине коомдук транспорттун иши, шаардын санитардык абалы, тиричилик коммуналдык чарбасынын иши коюлду.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө пенсионерлер вице-мэрге, шаардык коммуналдык кызматтардын өкүлдөрүнө өз суроолорун беришип, көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча жоопторду алышты.
 
Мисалы, Түштүк магистралынан Булгары заводуна чейин жаңы троллейбустук маршруттун ачылышы, жер алды менен өтмөлөрдүн булганыч абалы, коомдук транспорттун айдоочуларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты боюнча маселелер кызуу талкууланды.
 
Шаар администрациясы тарабынан калкты тейлөө кызматтарынын ишин жакшыртуу максатында мындай жолугушуулар дайыма уюштурулуп турат.