ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Саламаттык сактоо департаменти, Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында, балдарды акысыз медициналык кароодон өткөрөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти, Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында, шаардагы жашоо-турмушу начар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөдөгү, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга медициналык жардам көрсөтүү багытында комплекстүү иш-чараларды баштады.

 

Балдардын саламаттыгын сактоо, саламаттык сактоо тармагынын негизги аракеттеринин бири болуп келген. Азырыкы учурда социалдык колдоого муктаж болгон балдардын ден-соолугу тынчысданууларды туудурууда.
 
Аталган категориядагы балдар кургак учук, инфекциялык жугуштуу оорулар боюнча адис-дарыгерлердин кароосунан өтүшөт. Оорулуу балдар диспансердик каттоого алынып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланышат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.
 
Мындан тышкары, медициналык кароолор кароосуз калган балдардын баш калкалоо борборлорунда да уюштурулат.
 
Аталган иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясы, райондук администрациялар, укук коргоо органдары менен биргеликте, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин өткөрүлө.