ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын 43 мектебинде 10-июндан тартып мектеп лагерлери иштей баштайт

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын балдардын жайкы эс алуусу уюштурулат.

 

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан 5-июлуна чейин шаардын 43 мектебинде мектеп лагерлери иштей баштарын вице-мэр Айгүл Усубакунова билдирди. Мектеп лагерлеринде жетишсиз камсыздалган, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 8 жаштан 15 жашка чейинки 2950 бала эс алышат. Балдар менен 400 педагогикалык кызматкер иш алып барат.
 
Мектеп лагерлеринин салтанаттуу ачылышы 13-июнда, ал эми жабылышы 4-июлда өткөрүлөт.
 
Мектеп лагерлеринин иштөө мезгилинде балдар театр, музейлерде, концерттерде, парктарда, бассейндерде болушат. Ошондой эле спорттук иш-чаралар, сүрөт тартуу боюнча кароо-сынактар уюштурулат. Июнь айынын аягында сууга түшүү сезону ачылат жана Нептун майрамы өтккөрүлөт.
 
Мындан тышкары, спорт мектептеринин базасында мелдештер уюштурулуп, аларга 15 миң баланын катышуусу белгиленүүдө.