ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында концерт берди

Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Тилегенов жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри жана солисттер: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, Улан Качкыналиев, Гүлнара Өмүрзакова, Мунарбек Чобиев, Руслан Жумабаев, Санжар Төрөгулов Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында чоң программада концерт берди. Концерттер “Иштерман” жылынын алкагында уюштурулду.

 

Программага кыргыз, орус жана башка элдердин ырлары, классикалык чыгармалар киргизилген.
 
Концерттер ийгилик менен өттү дешет уюштуруучулар. Өнөр ээлери Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош жергесинин жашоочуларына өз чеберчиликтерин тартуулашты.