ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек жазы – 2013” фестивалынын лауреаттарын 27-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү гала-концертте сыйлоо өткөрүлөт

Бишкек шаарынын маданият жана туризм башкармалыгы 2013-жылдын 14-15-16-майында “Иштерман” жылына карата «Сейтек» балдардын чыгармачылык  борборунда студенттердин чыгармачылыгынын «Бишкек жазы-2013» ХI- фестивалын өткөрдү.

Бул студенттик фестиваль жаштарды Ата-Мекенди сүйүүгө, өлкөнүн келечектүү өзөгүн түзүүгө, адеп-ахлактык, руханий байлыгын арттырууга
багытталган.

Фестивалда студенттер төмөнкү номинациялар боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү: музыкалык аспаптарда ойноо, эстрада жана классика вокалы,
көркөм окуу, театралаштырылган оюн, дүйнө элдеринин бийлери, «Манас» эпосун айтуу, КВН, мода, цирк искусствосу, хор ж.б.Фестивалга Бишкек шаарынын жогорку жана орто окуу жайларынын 19 коллективи катышып, бир жарым миңден ашык студенттер 300гө жакын номер көрсөтүштү.
 
Ага Кыргыз Республикасынын эл артисти, академик, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын ректору М.Бегалиев башында турган калыстар тобу баа беришти жана мыктыларын аныкташты.
 
Алардын ичинен мыкты  коллективдеболуп төмөндөгүлөр  аталды:

•ГРАН-ПРИ  Б.Ельцин атындагы Кыргыз- Орус Славян университети;
• К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университети;
•1-ОРУН  М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университети;
• 2-ОРУН М.Кашгари атындагы Чыгыш университети;
• И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясы;
• 3-ОРУНИ.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети;
• Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана  
Архитектура университети.

Фестивалдын лауреаттары менен жеңүүчүлөрү 2013-жылдын 27-майында, саат  12:00дө Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү гала-концертте диплом, грамота жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.