Cанкт-Петербург шаарында Кыргызстандагы туризмди пропагандалоо боюнча жарнактык иш-чаралар өттү
- Подробности
- Опубликовано 22.05.2013 16:45
Санкт-Петербург шаарынын көчөлөрүндө, аянттарында, маршруттук таксилерде, метролордо эс алуу мезгилин Кыргызстанда өткөрүү боюнча социалдык жарнактар жайгаштырылды.
Плакаттар менен сүрөттөрдө Кыргызстандын ажайып кооз жерлери, Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын гербдери чагылдырылып, “Кыргыз Республикасына кош келиңиздер!” деген чакырыктар жазылган.
Иш-чаранын максаты, Кыргызстанга туристерди жана Санкт-Петербургдун ишкер чөйрөлөрүн чакыруу болуп саналат. Нева жээгиндеги шаардын бийликтери биздин тоолуу аймактын жарнактары үчүн эң ыңгайлуу жерлерди бөлүштүрүп берди.
2012-жылдын июнь айында өз ара кызматташуу боюнча эки шаардын ортосунда келишимге кол коюлган, азыркы иш-чаралар биргелешкен иштердин алгачкысы.
Жарнактык долбоорлор боюнча келишимдер 2012-жылкы Санкт-Петербург шаарынын делегациясынын Бишкекке келишинде түзүлүп, шаар башчысы Иса Өмүркулов жана Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко тарабынан кол коюлган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |