ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Жарандык коргонуу боюнча окуулар өтүүдө

Баш калаада 20-22-майда Бишкек шаарынын мэринин жетекчилиги астында Жарандык коргонуу боюнча окуулар өтүүдө. Окуулардын негизги максаты – өзгөчө кырдаалдар, жер титирөө болгон учурларда коргонуу ыкмаларын жана Жарандык коргонуу органдарынын бирдиктүү өз ара аракеттерин иш жүзүндө иштеп чыгуу.
 
Мындан тышкары, окуулар Жарандык коргонуу органдарынын каражаттарын, мүмкүнчүлүктөрүн, материалдык-техникалык камсыздоо, жарыя кылуу, коргонуу каражаттарын жана башкаруу жайларын эсепке алуу максатында өткөрүлүүдө.
 
Окууларды өткөрүүгө: Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу органдары, Жарандык коргонуунун райондук штабдары, лабораториялык көзөмөлдөө мекемелеринин тармактары, ӨКМ Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү катышууда.
 

Уюштуруучулардын айтымында, окуулардын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн мезгилде, уюштуруу жана башкаруу, байланыш жана жарыялоо тартиби, Жарандык коргонуу органдарынын өз ара биргелешкен аракеттери изилденет.