ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Новости района

“Ала-Арча” суусунун кооптуу жерлеринде механизациялык тазалоолор жүргүзүлүүдө

 

2013-жылдын 18-майында Биринчи май районунун аймагын аралап өткөн Ала-Арча каналын тазалоого 12 мекеме, ишкана катышты.
 
Бул иш-чарага  жалпысынан  299 адам, 7 машина, 5 экскаватор, 2 трактор  жана 1 автовышка тартылды. Иш-чаранын жүрүшүндө эң жакшы көрсөткүчтөргө Муниципалдык базарлар, авто кою жана авто токтотмолор дирекциясы менен Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги жетише алды.Аталган мекемелер өздөрүнө бөлүнгөн каналдын нугун тазалоо иштерин, ошол эле күнү бүткөрүүгө жетише алышты.
 
Ала-Арча каналын тазалоо иштерин 2013-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүү пландаштырылууда.