ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында Координациялык кеңеш шаардагы ВИЧ-инфекция маселесин карады

Координациялык кеңештин жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

 

-          Бишкек шаарынын мэриясынын “ 2012-2016-жылдары Бишкек шаарында ВИЧ-инфекция эпидемиясы менен күрөшүү программасы     жөнүндө” токтому;
-          Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу жөнүндө;
-          “А” вирустуу гепатит боюнча эпидемиологиялык абал жөнүндө;
-          Ден-соолук комитеттерин түзүү жөнүндө;
-          Бишкек шаарынын мэриясынын 7-март 2013-жылдагы “Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринде тамактанууга финансы
каражаттарын которуу жөнүндө” №44- токтомун ишке ашыруу жөнүндө.
 
Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаары боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыгуулар темпи төмөндөбөгөндүгү белгиленди.
 
Жалпы республика боюнча оорулардын саны 4,745 болсо, анын 4,5 миңи Кыргызстандын жарандары.
 
Бишкек шаарында ВИЧ-инфекциясы менен ооругандардын саны 600, бул көрсөткүч катталган адамдар, ал эми катталбаган ооруларды кошсо бул көрсөткүч мындан жогору болот. Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал ички миграциянын, жаңы конуштардын өсүшү менен байланыштуу. Чүй облусунун шаарга жакын жерлеринде 21 түзөтүү мекемелери жайгашкан. Абактан бошонгондор Чүй облусунда, Бишкек шаарында калышып, жалпы эпидемиологиялык абалдын төмөндөө шарттарын түзүшөт.
 
ВИЧ оорусунун шаардагы дагы бир өзгөчөлүгү, “Шектүү топко” кирбеген аялдардын ооруну жугузуусу. 2005-жылдан бери оорулуу энелерден балдардын төрөлүшү катталууда.
 
Бүгүнкү күндө оорулуу энелерден 59 бала төрөлгөн, 12 бала диспансердик каттоодо турат.