ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Май айында 21 кичи автобус иштен четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан кичи автобустардын санитардык, техникалык абалы жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты үзгүлтүксүз текшерилип турат.
 
8-майдан 16-майга чейинки мезгилде санитардык, техникалык талптарга жооп бербеген 21 кичи автобус иштен четтетилди.
 
Алар: “Ардагер Ко” ЖЧК №219 – кичи автобусу, “Транс Манас Сервис” ЖЧК №286, №262, №214, “Кулатай” ЖЧК №103, №218, “Аргымак КЖ” ЖЧК №270, “Бэсто” ЖЧК №238, “Кут консун” ЖЧК №223, “Трансгруппкоммуникейшн” ЖЧК №136, “Куюн” ЖЧК №263, “Ак Жол” ЖЧК №290, “Байзак Аска” ЖЧК №258, “Лига” ЖЧК №143, “Соиет Бригады” ЖЧК №192-кичи автобустары.
 
Аталган кичи автобустарга салонду оңдоо, айнектерди, линолеумдарды ж.б. алмаштыруу талап кылынат.