ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Деталдуу планировка планынын концепциясын иштеп чыгуу талкууланды

Бүгүн, “Бишкек башкы архитектура” мекемесинде “ПДП маслелерин чечүү жолдору” аталышындагы тегерек үстөл өткөрүлдү.
 
Тегерек үстөл Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Дүйшөмбиевдин, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкуловдун, шаардык кеңештин депутаттарынын, архитектор жана эксперттердин катышуусунда өттү. 2006-жылдан 2025-жылга чейин шаардын Генералдык планы иштелип чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, бирок, акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу 2006-жылы ПДП бекитилген эмес.
 
Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттар, эки жылдын ичинде Деталдуу планировка планынын иштеп чыгып, бекитүүгө 10 млн. сом акча каражатын бөлүү чечимин кабыл алышкан.
 
ПДП ирээтсиз аракеттерден пландуу куруу жолдоруна өтүүгө, ошондой эле курулуш тармагын оңдоого мүмкүнчүлүк берет.