Новости района

Биринчи май районунда “Манас”баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу эки айлык өткөрүлүүдө

 

Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы райондук билим берүү Борборунун  жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2013-жылдын иш планынын негизинде “Манас”баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу эки айлык  райондун баардык  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана  жалпы билим берүү уюмдарында атактуу манасчыларды чакыруу  жана “Манас таануу” теле-оюнуна жигердүү катышуу менен алгылыктуу  иштер жүргүзүлдү.
 
2013-жылдын 13-майында  №81 орто мектептин алкагында “Манас”баяны- ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу эки айлык  Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан жыйынтыктоо аземи өткөрүлдү.