ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Бишкек шаарынын мэринин Кубогунун биринчи Спартакиадасынын ачылышы болду

Бүгүн, борбордук Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо “Иштерман” жылынын алкагында Бишкек шаарынын мэринин Кубогунун биринчи Спартакиадасынын ачылыш аземи болду.
 
Иш-чаранын ачылыш салтанатына шаар башчысы, шаардыктар жана борбордун меймандары катышты.
 
Өз сөзүндө шаар башчысы, Спартакиада май айынан октябрь айына чейин, спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлөөрүн белгиледи.
 
Ошону менен бирге, шаардыктарды Спартакиадага активдүү катышууга чакырды жана спорт ден-соолукту чыңдайт, ар бир жарандын ден-соолугу чың болсо, калкыбыздын саламатчылыгы да таза болот. Спартакиаданын катышушуучуларына ден-соолук жана мелдештердеги ийгиликтерди каалоо менен И.Өмүркулов сөзүн аяктады.
 
Спартакиаданын расмий ачылышынан кийин, көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону Малика Жеринчиева Спартакиаданын факелин шаар башчысына тапшырды, ал эми И.Өмүркулов Спартакиаданын отун жандыруу үчүн факелди бокс боюнча 2013-жылкы өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк биринчиликтин байге ээси Адилет Боталиевге тапшырды.
 
Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын төрт районунун спортчулары райондун жетекчилеринин баштоосунда салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.
 
Аталган иш-чаранын алкагында, “Апам, атам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз” аттуу кароо-сынагы өткөрүлөөрү белгиленген.
 
Спартакиадага 15 миңден ашуун шаардыктар катышмакчы.
 
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышын концерттик программа коштоду.